Карбонатиттер: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Link suggestions feature: 3 links added.
бир дагы шилтеме жок
Белгилер: Reverted мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик колдонмодон түзөтүү iOS app edit
1-сап: 1-сап:
{{Delete}}
[[Файл:Carbonatite.jpg|thumb|Карбонатит.]]
[[Файл:Carbonatite.jpg|thumb|Карбонатит.]]
'''Карбонатиттер''' - негизинен карбонаттардан ([[кальцит]], [[доломит]], анкерит) түзүлгөн жана ультранегиздуужегичтуу татаал интрузия массивдери менен байланышкан магма же метасоматоз тоо тектери.
'''Карбонатиттер''' - негизинен карбонаттардан ([[кальцит]], [[доломит]], анкерит) түзүлгөн жана ультранегиздуужегичтуу татаал интрузия массивдери менен байланышкан магма же метасоматоз тоо тектери.

17 март 2024, саат 14:30 учурдагы нуска

Тез өчүрүүБул баракты тез арада өчүрүү сунушталууда.
Эгерде Сиз бул шартка макул болбосоңуз, бул калыпты өчүрүп жамаат порталына оюңузду билдириңиз.
Администраторлор: Сураныч баракты өчүрүү алдында, тандалган барактын тарыхын карап, анан гана өчүрүңүздөр.
Карбонатит.

Карбонатиттер - негизинен карбонаттардан (кальцит, доломит, анкерит) түзүлгөн жана ультранегиздуужегичтуу татаал интрузия массивдери менен байланышкан магма же метасоматоз тоо тектери.

Карбонатиттер адатта бүктөлүү аймактары менен платформалардагы тектоникалык ири терең жаракаларды бойлой жаткан ультранегиздүү-жегичтүү магма тоо теги массивдеринин арасында кезигет. Массивдер жер бетине чыгып, карбонатит лавасынан пайда болгон жанар тоо өзөгү катары жатса - ачык, интрузия түрүндө жер астында жатса - жабык деп аталат. Карбонатиттер негизинен 0,1 - 20 км2 аянтындагы шток, штокверк, дайка жана түтүк түрүндө массивдердин борбордук бөлүгүндө жайгашат. Составындагы карбонат минералдарына карай Карбонатиттер кальциттүү, доломиткальциттуу, доломиттуу, доломит-анкериттуу жана сидериттуу болуп бөлүнөт. Карбонатиттер магмадан, чөкмө тоо тектердин өзгөрүшүнөн жана метасоматоз жолдору менен пайда болот деген ар түрдүү пикирлер бар. Карбонатиттердин массивдери Евразияда (45 массив бар), Африка, Бразилия, Канада, Батыш Европа, Скандинавия жана АКШда белгилүү. Карбонатиттерде тантал, ниобий, торий, сейрек жер элементтери, апатит, вермикулит жана флогопиттин ири кендери топтолгон.

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.