Кыргызстан

Википедия дан
16:10, 2 февраль 2018 карата Bosogo (талкуу | салымы) (→‎Администрациялык-аймактык бөлүнүш: тянь-шань кыргызча Теңир-Тоо) тарабынан жасалган версия

Кыргызстан
Кыргыз Республикасы

Герб
Туу Герб
Мамлекеттик Гимни
Негизделген 840-жыл (Кыргыз кагандыгы)
Эгемендүүлүк күнү 31-август 1991-жыл

СССРден)

Расмий тили кыргызча (мамлекеттик),
орусча (расмий)[1][2]
Борбор шаары Бишкек
Ири шаарлар Бишкек, Ош
Башкаруу формасы Парламенттик-президенттик республика
Президент
Премьер-министр
Жогорку Кеңештин спикери
Сооронбай Жээнбеков
Сапар Исаков [3]
Чыныбай Турсунбеков[4] [5]
Мам. дини Динден тышкары
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
86-чы - дүйнөдө
198 500 км²
3,6
Калкы
• Бааланган (2015)
Жыштыгы

6 120 400 адам (111-чи)
29 ад./км²
АДӨИ ( 2013) 0,622[6] (орточо) (125-чи)
Этнохороним кыргызстандык,
кыргызстандыктар
Акча бирдиги Кыргыз Сому
(KGS, код 417)
Домени .kg
ISO коду KG
ЭОК коду KGZ
Телефон коду +996
Убакыт аралыгы UTC +6

Кыргызстан — (расмий түрү: Кыргыз Республикасы) Орто Азиянын түндүк-чыгышында жайгашкан мамлекет. Өлкө түндүктөн Казакстан, батыштан Өзбекстан, түштүк-батыштан Тажикстан, ал эми түштүк — чыгыштан Кытай Эл Республикасы менен чектешет. Кыргызстандын калкы 6,0 миллиондон ашуун (2017-жыл) адам. Анын 72,6% (4 млн 6 миң) кыргыздар, 14,34% (816,2 миң) өзбектер, 6,87% (375,4 миң) орустар жана дунгандар — 64 565, уйгурлар — 52 456, тажиктер — 50 174, түрктөр — 40 953, казактар — 33 701, татарлар — 28 059, азербайжандар — 18 946, корейлер — 16 807, украиндер — 14 485, немистер түзөт. Жалпысынан өлкөдө 80ден ашык улуттардын өкүлдөрү жашайт.

Жалпы калктын 32,8% 14 жашка чейинки балдар түзөт. Эмгекке жарамдуулар калктын 59,0%, ал эми ишке жарамдуулардан улуулар — 8,7% түзөт. Кыргызстан — Чыгыш менен Батышты бириктире турган тогуз жолдун тоомунда — борбордук азия цивилизациясынын кан жолунда жайгашкан. Сулайман-Тоо, Өзгөндөгү тарыхый комплекс, Саймалуу таштагы сүрөттөр, Манастын күмбөзү, Таш-Рабат тарыхый кербен сарайы, Бурана мунарасы кыргыз жеринин байыркы тарыхтан калган кереметтери катары бааланат.

Символдору

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдору:

1) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу;

2) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби;

3) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби Жогорку Кеңештин 1994-жылдын 14-январындагы токтому менен бекитилген. Авторлору — Асейин Абдраев жана Садырбек Дубанаев.

Гербдин алдыңкы фонунда Ак шумкар эркиндиктин символу болуп эгемен мамлекетибиздин эң башкы белгиси катары түшүнүк берип турат. Андагы Ысык-Көл менен Ала-Тоонун элестери улуттук сыймыгыбыздын куту сыяктуу кабылданып, нурун чачкан күндүн турушу — түбөлүктүүлүк менен бейпилчиликтин белгиси. Ал эми бул ыйык элестерди айланта Кыргыз Республикасы деген алтын түстөгү жазуу жана токчулуктун, мээрмандыктын түшүнүгүн берип, байгерчилик турмуштун жышааны — буудай менен пахтанын сүрөтү орун алган. Жогорудагы белгилер өлкөбүздүн жана андагы жашаган элдердин өнүгүүгө, келечекке болгон умтулуусун, биримдигин айкындап турат. Келечек муундун бактылуу жашоосуна багыт берип турган гербдеги элестер элибиздин эртеңки жаркын турмушуна болгон чакырыктай мааниге ээ.

Кыргыз Республикасынын туусу 1992-жылы 3-мартта республиканын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген. Авторлору: Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков.

Кыргыз республикасынын мамлекеттик желеги кызыл түстө. Анын ортосуна алтын түстөгү бирдей өлчөмдө кырк нур болуп чачыраган күнгө окшош тегерек жайгаштырылган. Күндөй төгөрөктүн ичинде Кыргыз боз үйүнүн түндүгү кызыл түстө берилген. Желектин туурасы анын узундугунун бештен үч бөлүгүн түзөт. Жаркыраган төгөрөктүн диаметри желектин туурасынын бештен үч бөлүгүн түзөт. Күн жана нур чачыраган дискалардын диаметрлеринин салыштырмалуулуугу бештен үч бөлүгүнө барабар. Түндүктүн диаметри жаркыраган төгөрөктүн диаметринин жарымын түзөт.

Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдикти жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк — үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт. Түндүк өлкөдө жашап жаткан элдердин биримдигинин символу, желектин кырмызы түсү айкөл Манастын туусунун түсү болгон.

Кыргыз Республикасынын гимни — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен 1992-ж. 18-декабрында бекитилген.

Сөзү: Ж. Садыков, Ш. Кулуев,

Музыкасы: Н. Давлесов, К. Молдобасанов тийиштүү.

Кыргыз Республикасы жөнүндө

Администрациялык-аймактык бөлүнүш

Кыргызстандын курамына 7 облус, 40 административдик район, 22 шаар жана 429 айыл-кыштактар кирет. Облустары (Бишкек шаарынан башкасы):

Бишкек

Бишкек — Кыргыз Республикасынын саясий, экономикалык, илимий, өнөр жай жана маданий борбору жана өлкөдөгү эң ири шаары. Өзгөчө бир административдик бирдиги. 1878-жылы негизделген. Аянты 12,7 миң га. Калктын саны — 874,4 миңге чукул (2012).

Бишкек шаары — саясий, экономикалык, илимий, административдик жана тарыхый-маданий борбор, республиканын мамлекеттик бийлигинин жогорку органдары, чет өлкөлөрдүн элчиликтери жана өкүлчүлүктөрү жайгашкан жер.

Чүй облусу

Кыргызстандын картасы
Теңир-Тоо
Ала-Тоо
Соң-Көлдүн жанындагы жайлоо

Администрациялык борбору Токмок шаары болуп саналат.

Ысык-Көл облусу

Администрациялык борбору Каракол шаары болуп саналат.

Талас облусу

Администрациялык борбору Талас шаары болуп саналат.

Нарын облусу

Администрациялык борбору Нарын шаары болуп саналат.

Жалал-Абад облусу

Администрациялык борбору Жалал-Абад шаары болуп саналат.

Ош облусу

Администрациялык борбору Ош шаары болуп саналат.

Баткен облусу

Администрациялык борбору Баткен шаары болуп саналат.

Кыргызстандын географиясы

Кыргызстандын деңизге чыкчу жол жок. Кыргызстандын аймагынын төрттөн үч бөлүгүн тоолор ээлейт. Бийиктиги 7439 метрди түзгөн Жеңиш чокусу Кыргызстандын эң бийик жери.

Кыргызстандын аймагы эки тоо системасынын айланасында жайгашкан. Аянты боюнча чоң түндүк-чыгыш бөлүгү Тянь-Шанга кирет. Түштүк-батыш тарабы Памир-Алай тоолоруна карайт. Кыргызстандын мамлекеттик чек аралары тоо кыркалары аркылуу өтөт.

Республиканын бардык аймагы деңиз деңгээлинен 401 метрден жогору бийиктикте жайгашкан. Анын жарымынан көбүрөөгү 1000 метрден 3000 метрге чейин жана 3000 метрден 4000 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан. Тоо кыркалары аймактын төрттөн бир бөлүгүн ээлейт жана негизинен кеңдик тарапты карай бири-бирине жанаша узатасынан жайгашкан.

Чыгышта Тянь-Шандын негизги тоо кыркалары басымдуу тоо кыркасын түзүп, Меридиандык тоо кыркасынын районунда жакындашып кетет. Бул жерде Кытай, Казакстан чектешкен жерлерде Жеңиш чокусу (7439) жана Хан-Теңири (6995) көтөрүлөт.

Башкы орографикалык элементтер - Акшыйрак массиви, Какшаал тоо кыркасы,Кунгой жана Тескей Ала-Тоосу ж.б. Кыргыз Республикасынын аймагы батыштан чыгышка карай 925 километрга, ал эми түндүктөн түштүккө карай 459 километргесозулат. Кыргызстандын аянты 198,5 миң квадрат километр.

Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2750 метр, эң бийик жери — 7439 метр (Жеңиш чокусу), эң жапыс жери - 394 метр (республиканын түштүк-чыгыш аймагында). Кыргызстан — тоолуу өлкө. Кыргызстанда тоолор бийик. Республикада түстүү жана сейрек учурай турган металлдар, көмүр жана башка кен-байлыктар бар. Климаты континенталдуу. Дарыялары негизинен Сырдарыяга куят, анын башкы булагы - Нарын). Ысык-Көл, Соңкөл, Чатыркөл, Сарычелек сыяктуу кооз көлдөр бар.

Административдик бөлүнүшү

    • 7 Область,
    • 40 муниципалдык райондор,
    • 28 Шаарчалар,
    • 423 Айыл өкмөтү
Желек Область Административдик
борбору
Аянты,
км2
Калкы,
адам
1 Чүй областы Бишкек шаары ]][7] 20 200 814 900
2 Ысык-Көл областы Каракол шаары 43 100 444 500
3 Талас областы Талас 11 400 231 800
4 Нарын областы Нарын 45 200 262 100
5 желек
жок[8]
Жалал-Абад областы Жалал-Абад 33 700 1 036 700
6 желек жок
[8]
Ош областы Ош шаары] 29 200 1 130 900
7 Баткен областы Баткен шаары 16 995 441 100

Эгемендүү Кыргыз Республикасы

Президентти шайлоо жана «Мамлекеттин көз карандысыздыгы жөнундө» Декларация

1990-ж. мартта СССР Эл депутаттарынын 3-съезди өлкөдө Президенттик бийликти белгилеген. Президенттик бийлик өлкөдө өкмөттүн ишмердигин аныктаган жана анын ишин көзөмөлдөгөн. Мыйзам чыгаруучу жана сот бийликтеринин иштерин эл чарбасын башкарууну, бюджеттик-финансылык системаны, эмгекке акы төлөө жана баалардын аныкталышын, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөгөн. СССРде президенттик башкаруунун киргизилиши менен Казакстанда, Өзбекстанда ж.б. бир катар союздук республикаларда президенттик башкаруу киргизилген. 1990-ж. 27-октябрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессиясында альтернативалуу негизде Аскар Акаев Кыргызстандын тунгуч Президенти болуп шайланган.1990-ж. 15-декабрда Кыргыз ССР Жогорку Советинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү” Декларация кабыл алынып, Кыргызстан Советтер Союзунун курамындагы эгемен өлкө катары жарыяланган. 1991-ж. 22-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 3-сессиясында “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзам иштелип чыккан. Мыйзам боюнча биринчи жолу Президенттин, вице-президенттин кызматтары киргизилип, жергиликтүү бийлик органдарынын милдеттери, укуктук негиздери такталган. 1991-ж. 5-февралда республиканын борбор шаарынын тарыхый аты кабылына келтирилип, Фрунзе шаарына кайрадан Бишкек деген баштапкы аты берилген. 1991-ж. 8-майда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети республиканын жаңы Конституциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча комиссиянын курамын бекиткен. 1991-ж. 19-апрелде “Жер реформасы жөнүндө” мыйзам кабыл алган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде 1991-ж. 31-августта “Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө” Декларация кабыл алынып, Кыргыз Республикасы көз карандысыз, эгемендүү демократиялык мамлекет катары салтанаттуу жарыяланган. Көз каранды эместиктин шартында 1991-ж. 12-октябрда Аскар Акаев жалпы элдик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен 1991-ж. 20-октябрда Мамлекеттик коопсуздук жоюлуп, анын ордуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, ал эми 3-декабрда Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясы түзүлгөн. 1991-ж. 8-декабрда Минск шаарына жакын Беловеж токоюндагы өкмөттүк резиденциясында Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы жана Украина Көз каранды эмес Мамлекеттердин шериктештигин түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюшат. 1991-ж. 21-декабрда Алматыда Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы, Украина, Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Молдавия, Тажикстан, Түркстан жана Өзбекстан КМШны түзүү келишимине кол коюшкан. 25-декабрда М. С. Горбачев СССРдин жоюлгандыгына байланыштуу СССРдин Президентинин милдетин аткарууну токтоткондугун билдирген.

Жогорку окуу жайлары

Майрамдары

Маалымат булагы[9]:

Датасы Аталышы
Үчтүн айынын 13ү Мухаммад пайгамбардын(САВ) туулган күнү
Айдын толушу менен Орозо айт
Орозо айттан 70 күндөн кийин Курман айт
Бугу айынын 1и 1-май Эмгекчилердин күнү
Бугу айынын 5и Конституция күнү
Бугу айынын 9у Жеңиш күнү
Баш оонанын 31и КРнын Эгемендүлүүк күнү

Кыргызстандын аймак жана башкармалыктарга бекитилген унаанын тамга белгилери

Эскертүүлөр

  1. Закон «О государственном языке Кыргызской Республики». Институт проблем информационного права. Текшерилген күнү 10 -июнь (кулжа) 2010. Түп булактан архивделген күнү 22 -август (баш оона) 2011.
  2. Александр Шустов. Кыргызстан: русский язык как заложник «революции». Materik.ru (11 мая 2010). Текшерилген күнү 10 -июнь (кулжа) 2010. Түп булактан архивделген күнү 22 -август (баш оона) 2011.
  3. Сапар Исаков премьер-министр болуп шайланды
  4. Чыныбай Турсунбеков спикерликке шайланды
  5. Жогорку Кеңештин Төрагасы
  6. Human Development Report 2013(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). United Nations Development Programme (14 -март (жалган куран) 2013). Текшерилген күнү 14 -март (жалган куран) 2013.
  7. Официальный сайт Президента Кыргызской Республики. Административно-территориальное деление
  8. 8.0 8.1 Геральдика и символика в Кыргызстане. 3 марта 2015. Газета "Вечерний Бишкек". Текшерилген күнү 26 -декабрь (бештин айы) 2015.
  9. Статья 113 Трудового Кодекса Кыргызской Республики


Шилтемелер

kyrgyzinfo.ru